Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Украина: Зеленскийдин эң жакын өнөктөшү Ермак кызматтан кетти


коллаж
коллаж

мазмуну

  • Украинанын Коррупцияга каршы агенттиги президенттик администрация башчысы Андрей Ермактын үйүндө тинтүү жүргүздү.
  • Тинтүү "Энергоатом" компаниясына байланышкан коррупциялык жаңжалдын алкагында өтүп, саясий кризисти күчөттү.

Украин президентинин таасирдүү администрация башчысы Андрей Ермак кызматтан кетти. Бир нече саат мурда эле өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) жана Жемкорлукка каршы прокуратурасы Ермактын үйүндө жана кеңсесинде күтүүсүз тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

28-ноябрда Украинанын Коррупцияга каршы улуттук агенттигинин жана Жемкорлукка каршы иштерди караган прокуратурасынын өкүлдөрү президент Владимир Зеленскийдин администрация жетекчиси Андрей Ермактын үйүн тинтишти. Бул тинтүү Украинада ири коррупциялык жаңжал күч алып жаткан учурда болууда.

Ермактын кызматтан кеткенин украин президенти Владимир Зеленский 28-ноябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда ырастады.

Ал өткөн аптада Женевада өткөн АКШ өкүлдөрү менен согушту жөнгө салуу үчүн Киевдин делегациясын жетектеп барган Ермакка ыраазычылык билдирди.

"Украинанын позициясы сүйлөшүү майданында кандай болушу керек болсо такай ошондой берилип келди. Ар дайым мекенчил позиция болду. Бирок мен ушак-айыңдарга жана божомолдорго орун калтыргым келбейт", – деди Зеленский.

Ал 29-ноябрда Башкы штабдын жетекчиси, Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы жана башка расмий адамдар менен Ермактын ордуна талапкер тандоону талкууларын да кошумчалады.

"100% болгон күчүбүз Украинаны коргоого багытталат. Мамлекетибиздин кызыкчылыгы, мамлекетибизди коргоо үчүн азыр баары дал ушундай иш алып барышы керек. Бул өзгөрбөс принцип. Америка тарап менен жолугушуулар жакынкы убакта өтөт", - деп кошумчалады Зеленский.

Ермактын иши саясий кризиске алып келеби?

Жума күндүн таңында Украинанын Коррупцияга каршы улуттук агенттигинин жана Жемкорлукка каршы иштерди караган прокуратурасынын өкүлдөрү президент Владимир Зеленскийдин администрация жетекчиси Андрей Ермактын үйүн тинтип жатканы кабарланды. Аталган мекемелер Телеграмдагы каналдарында "Тергөө иштери мыйзамдын алкагында жүрүп жатат" деп билдирүү таратты.

«Украинская правда» басылмасынын журналисттери тараткан сүрөттөрдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери өкмөттүк кварталга кирип баратканын көрүүгө болот.

Маалыматты Андрей Ермак өзү да ырастап, тергөө менен кызматташып жатканын билдирди:

Андрей Ермак
Андрей Ермак

"Бүгүн менин үйүмдө процессуалдык аракеттер жүрүп жатканы чын. Тергөөчүлөргө эч кандай тоскоолдук жок. Батир толугу менен алар үчүн ачык, менин адвокаттарым да ошол жерде укук коргоо органдары менен кызматташууда".

Бул тинтүү Украинада "Энергоатом" мамлекеттик компаниясына байланышкан ири коррупциялык жаңжал күч алып жаткан учурда болууда. Ал чуунун айынан энергетика жана юстиция министрлери кызматтан алынган. Жемкорлук схемасынын башында турган деп шектелген ишкер Тимур Миндич өлкөдөн чыгып кеткен. Маалымат каражаттары аны Зеленскийдин жакын досу катары мүнөздөп келишкен.

Оппозиция жана парламенттеги президенттик "Эл кызматчысы" фракциясынан айрым депутаттар энергетика тармагындагы бул жаңжалдан улам Ермактын да кызматтан кетишин талап кылган. Зеленский өзүнүн жакын кеңешчисин иштен алуудан баш тарткан.

54 жаштагы Ермак украин президентинин эң ишенимдүү саясий өнөктөштөрүнүн бири деп саналат. Соңку жылдары ал саясий сахнанын артындагы таасирин кыйла күчөткөн. Украинадагы согушту токтотуу же тынчтык келишимине жетүүнүн жолдорун издеген дипломатиялык жолугушуулардын баарында ал көрүнүктүү роль ойноп келет.

Саясий аналитик Владимир Фесенко Ермактын тегерегиндеги окуялар Украинадагы ички "саясий кырдаалды курчутат" деген коркунуч бар деп эсептейт:

"Ермактын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү анын бул иш боюнча юридикалык жактан фигурантка айланганын билдирет. Балким, жарым-жартылай статус болсо да иш тергелип жатат. Албетте, бул президенттин позициясын андан бетер алсыратат. Эгер, мисалы, Ермак кызматтан четтетилбесе курч саясий кризис коркунучу бар. Мындан тышкары, буга чакырыктар азыр эле айтылып жатат. Бул коомдук нааразылыктарга да алып келиши мүмкүн. Саясий кризис коркунучу турат".

Ермактын айланасындагы бул окуя карапайым украиналыктарды кабатыр кылууда. Жергиликтүү эл Украинанын өзүндөгү соңку саясий кырдаал чыңалса тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурайт деп кооптонот.

"Албетте, азыркы окуя эл аралык коомчулуктун Украинага болгон ишенимине доо кетирбей койбойт. Бул сүйлөшүү процессине да таасир этет. Азыркы жагдай украин элинен көз каранды эмес, ошондуктан кандай шарт болбосун, Украинаны колдоп, сүйлөшүү процесси өлкөбүз үчүн адилеттүү тынчтык менен аякташын каалайбыз", - деди Киевдин тургуну Павел Косевич.

Украин баш калаасынын дагы бир тургуну Виктор укук коргоо органдарынын ишин кескин сынга алды:

"Азыркы болуп жаткан иштин баарынын Украинага түз таасири болот. Бул уят иш. Укук коргоо органдары тергөө иш-аракеттерин ачык жарыялап жатканын түшүнбөйм. Алар тынч, Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык териштирүү жүргүзүшү керек эле. Болбосо бул ызы-чуу эмнеге керек? Бул Украинага кантип жардам берет? Тескерисинче, зыяны тиет".

Украинадагы жемкорлук чуусу: Ермак эми эмне болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00

Тынчтык сүйлөшүүлөрү эмне болот?

Бир күн мурун украин президенти Владимир Зеленский тынчтык планынын талаштуу пункттары боюнча жакынкы күндөрү АКШ жана Украинанын делегацияларынын жолугушуусу өтөрүн билдирген.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Кийинки жумада маанилүү сүйлөшүүлөргө биздин делегаттар гана эмес, мен өзүм да катышам. Биз бул сүйлөшүүлөр үчүн негиз даярдап жатабыз. Украина дагы деле бекем турат. Ошондуктан бизге жардам бергендерге Украинаны өз үйүндөй коргогондордун баарына ыраазычылык".

Зеленский өз сөзүндө ким менен жолугарын тактаган жок. Бирок буга чейин бир катар батыш жана украин басылмалары Киевдин өкүлдөрү Вашингтонго сапар менен барарын жазган.

23-ноябрда Женевада АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын тынчтык демилгеси боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрү өткөн. Бул сунуштар расмий түрдө эч жерге жарыяланган эмес.

27-ноябрда Бишкекте өткөн ЖККУ саммитинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус президенти Владимир Путин тынчтык планына реакциясын билдирген.

Ал АКШ президенти Дональд Трамп менен август айында Аляскада жолугушкан соң 28 пункттан турган ыктымал тынчтык келишими түзүлгөнүн айтты.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

"Жалпысынан АКШ колдогон тынчтык планын келечектеги келишимдердин негизи катары кароого макулбуз. Бирок акыркы версиясы тууралуу айтуу али эрте. Азырынча белгисиз. Бизге согушту токтотуу боюнча сунуштар келип жатат, бирок Украинанын аскерлери ээлеп турган аймактардан чыкмайынча согуш токтобойт. Эгер алар чыгып кетпесе, ага куралдуу жол менен жетишебиз".

Киев жана анын өнөктөштөрү буга чейин тынчтык планынын медиага жарыяланган айрым талаптарына тынчсыздануусун билдирген. Сөз айрым аймактарды Орусияга берүү, украин куралдуу күчтөрүнүн санын азайтуу жана Киевди НАТОго кошулуудан баш тарттыруу жөнүндө болууда.

АКШ сунуштап жаткан тынчтык долбоору алгач ирет жарыяланып кеткен бир аптадан бери көп нерсе өзгөрдү. 28 жободон турган ал план буга чейин токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантып, күн тартибине чыгарды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG