Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

"Айылга, жайлоого чыгып кетишиң керек". Аткаминердин ыш боюнча айтканы талкуу жаратты


Бишкек, 2025-жылдын ноябрь айы.
Бишкек, 2025-жылдын ноябрь айы.

"Таза аба үчүн айылга, жайлоого чыгып кетишиң керек...". Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакуновдун бул сөзү кызуу талкууга түштү. Бишкектин тургундары суук башталганы борбор калааны кайрадан ыш каптап жатканына нааразы. Активисттер транспорт маселесин чечүү керек дешет.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакуновдун айтканы шаардыктар үчүн таң каларлык болду.

"Азаттык" борбор калаанын көчөлөрүн кыдырып, микрофон сунганда айрымдары министрдин айтканына төмөнкүчө жооп беришти:

- Жайлооңор кымбат да азыр. Таштанды калтырып, ал жерди да өлтүрөбүзбү эми?

- Мисалы, мен Новопавловкада жашайм. Эртең менен турсаң таң атпай ыш, укмуш тимеле!

- Жайлоого баары батпайт, жөнөкөй айтканда. Проблеманы чечиш керек.

Талантбек Иманакун уулу "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Бишкектин турак жай фондун жаңылоо пландары туурасында айтып жатып ыш маселесин да көтөгөн:

Талантбек Иманакун уулу
Талантбек Иманакун уулу

"Жергиликтүү депутаттар "Бишкек шаарыбызда тыгын көп болуп жатат, эски үйлөрдө 100 киши жашап жатса, силер эми реновация менен асман тиреген үйлөрдү кура турган болсоңор ал жерде 500 киши жашайт, тыгын күчөйт" деп айтып жатышат. Бирок биз борбор калаа болгондон кийин сөзсүз түрдө өйдөнү көздөй өсүшүбүз керек. Ошол үчүн борбор болуп эсептелет. Мен жакын эле арада Бээжинге барып келдим. Ал шаарда бир жерден экинчи жерге 10-12 тилкелүү килейген магистрал менен айдап отуруп тыгындын айынан 1-1,5 саатта жетишет экен. Анткени Бээжин борбор калаа. Жок, сен жеңил, таза аба менен дем алып, кенен баса турган болсоң, сени эч ким кармабайт, барып айылга, жайлоого чыгып кетишиң керек. Эгер ошондой шартты кааласаң. Президентибиз жакшы саясат кылып жатат, ар бир шаарда, облустарда МИКтин үйлөрүн салып жатпайбы”.

Бул арада World Air Quality сайтында ири шаарлардагы абанын сапаты боюнча рейтингде Бишкек аялуу топтогу адамдар үчүн, башкача айтканда, өпкө оорулары, аллергия жана астмадан жабыркагандар үчүн зыян шаар деп белгиленген. Бир нече апта мурун эле борбор калаа абасы булганган 10 шаардын катарына, 6-ноябрда Индиянын борбордук Дели аймагы жана Пакистандын ири шаарларынын бири Лахор баштаган алдыңкы бешилтикке да кирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын адистери Бишкектеги чакан станцияларда орнотулган абанын сапатын ченегичтердин көрсөткүчүн бир күндө төрт жолу өлчөп турушат. Мындай станциядан шаарда жетөө бар.

Кыргызгидрометтин кызматкери Айгерим Жунусованын айтымында, суук түшкөнү көрсөткүчтөр начарлай баштайт:

Айгерим Жунусова
Айгерим Жунусова

"Эң максималдуу концентрацияны 7-станцияда, Дордой базарынын аймагында көрүүгө болот. Ошондой эле 1-станцияда, бул Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилиши. Станциялар жол жээгинде, машине көп жерлерде орнотулган. Кыргызгидромет көп жылдан бери абага байкоо салып келет. Анализден шаарда абанын сапаты сезонго жараша өзгөргөнүн көрүп турабыз. Күн сууктап, от жаккан мезгил келгенде инверсия пайда болот, ал жерде чаңдын бөлүктөрү PM 2,5 жана PM10 нормадан ашып кетет. Сезонго карабастан, абаны жыл бою эле булгаган заттар бар. Мисалы, күкүрттүн диоксиди жана формальдегид, алардын негизги булагы автотранспорт болуп саналат".

Эки жыл мурда Бишкекте абанын сапатын өлчөгөн атайын 50 каражат (датчик) иштеп турчу, арасында бейөкмөт уюмдардыкы да бар эле. Ал учурда ким болбосун, абанын булганганы тууралуу маалыматты каалаган учурда ачык булактан көрүп, текшере алчу.

Бирок Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бейөкмөт уюмдардын өлчөгүчүндөгү маалымат так эмес деп, аларды алдырып салган. Эми бул ишти болгону жети станция аткарып жатат. Алардын маалыматын тийиштүү адистер гана көрө алат.

Бишкектин үстүн каптаган ыш. 2025-жылдын ноябры.
Бишкектин үстүн каптаган ыш. 2025-жылдын ноябры.

Адистер былтыр шаарда жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобустар каттамдан алынгандан кийин абал бир аз оңолгонун белгилешет. Бирок уу газдардын концентрациясы боюнча көрсөткүч шаар тургундары, өзгөчө борбордук райондордо жана көчө боюнда жашагандар үчүн жыл бою жогору бойдон калууда.

Мэрияда үч жыл мурун аба маселеси боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын изилдөөсүнөн кийинки корутундунун негизинде шаар башкармалыгы маршруттук кичи автобустарды калаа сыртында гана калтырып, ички каттамдарга газ жана электр менен жүргөн автобустарды кое баштаган. Быйыл Бишкектин бийлиги жаңы конуштарды көмүрдөн газга өткөрүү, автоунаа сапатына, санына көзөмөл жүргүзүү иштерин баштаганын билдирди.

Бишкек мэриясынын Шаардык чарба департаментинин директорунун орун басары Жеңишбек Осмоналиев ыш көйгөйү калаа башкармалыгынын такай күн тартибинде турган маселелердин бири экенин айтууда:

Жеңишбек Осмоналиев
Жеңишбек Осмоналиев

“Абаны 30% машинелер булгайт. Мэрия тротуар, веложолдорду куруп, элди машинеден чыгырыкка, велосипедге отургузууну көздөп жатабыз, быйыл мындай 50 км жол түштү. Маршруттук кичи автобустарды алып, газ автобустарына өттүк. Кытайдан Бишкекке автотранспорт үчүн катализаторлорду алып келип, жеткиликтүү баада сатабыз. Биз азыр аны сынап жатабыз, Илимдер академиясы бардык нормага шайкеш келерин айтты. Машинелердин 80% эски да, анан да катализатору жок жүргөндөрү бар."

Активисттер шаарга сапаттуу муниципалдык транспорт системасы зарыл деп эсептешет. Алар бул маселени көп жылдар бою көтөрүп келатканы менен чечилбей жатканын белгилешет.

“Пешком” коомдук фондунун негиздөөчүсү Рада Валентина кызы белгилегендей, шаардагы абанын булганышына автомашиналардын түтүнү дагы таасир этүүдө:

Рада Валентина кызы
Рада Валентина кызы

“Маселе машиненин эскилигинде эмес, көптүгүндө. Аларды азайтуунун максаттуу саясатын жүргүзүү керек. Тыюу салбай, альтернативдүү жол сунуштасын. Коомдук транспорт артыкчылык болушу шарт. Автобустардын саны гана эмес, аларга көп киши баткыдай көлөмүнө да көңүл бурулуш керек. Атайын ыңгайлуу маршруттар иштелип чыгышы зарыл. Анан темир жолду сактап калып, эл поезд менен да каттагандай мүмкүндүк түзүш керек".

Абанын булганышы Бишкекте гана эмес, Борбор Азиянын башка ири шаарларында да чоң көйгөй болуп келет. Бул күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент дүйнөдөгү абасы эң таза эмес делген 3 шаардын катарына кирди. Калаа бийлиги абалды жеңилдетүү үчүн бак-даракты, жолдорду жууп, фонтандарды иштетип, элди беткап кийип жүрүүгө чакырууда.

Ал эми министрдин орун басары Талантбек Иманакун уулу мисал тарткан Бээжин шаарына келе турган болсок, IQAir компаниясынын маалыматы боюнча 21 миллион калкы бар, жүздөгөн өндүрүш заводдору жайгашкан, жалпы аянты 16 000 чарчы чакырымдык бул мегаполисте абанын булгануу деңгээли "орточо" деп көрсөтүлгөн.

Бишкек шаары өлкөнүн түндүк тилкесинде жайгашкан, жалпы аянты соңку аймактык реформадан кийин дээрлик 390 чарчы чакырымды түзөт. Калкынын саны жыл сайын өсүп, быйыл 1,3 миллионго жетти.

Борбор калаанын жолдору бир учурда 350 миң автомашинанын жүрүп туруусуна эсептелген, бирок, адистердин айтымында, жалпысынан алардын саны 700 миңге чукулдайт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG