Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Кремль АКШнын атайын өкүлү Уиткофф Москвага барарын ырастады


Стив Уиткофф.
Стив Уиткофф.

Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф кийинки аптада Москвага барат.

Бул маалыматты Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков 26-ноябрда ырастады. Анын алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Уиткофф күйөө баласы Жаред Кушнер менен кошо Москвага учарын айткан.

Серепчилердин айтымында, Трамп согушту токтотууга байланыштуу аракеттерди жетектөөнү дипломатиялык тажрыйбасы жок, буга чейин кыймылсыз мүлк тармагында иштеген Уиткоффко тапшырган. Ал бул ирет да Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө. Ошондо жыл башынан бери экөө алтынчы ирет жолугушат.

Ушаков делегациянын курамында Кушнердин бар-жогун тактаган жок.

Соңку күндөрү согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр Киевде, Женевада жана Абу-Дабиде АКШ, Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жатат. Анын алдында Американын тынчтык планы маалымат каражаттарына чыгып кеткен.

Орусиялык өкүлдөр Вашингтон сунуштаган пландын расмий вариантын али ала электигин билдиришти. Тышкы иштер министри Сергей Лавров жаңыланган документ Украина тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү камтыса, Орусия этият карай турганын белгиледи. Ал Трамп менен Путиндин Анкорижде август айындагы жолугушуусун эске салып, Трамп ошол маалда Орусиянын айрым дооматтарын колдогонун кошумчалады.

Кремлдин делегациясын Гарвардда билим алган, англисче эркин сүйлөгөн Кирилл Дмитриев жетектеп келет. Ал октябрда Майамиге барып, Уиткофф жана Кушнер менен жолукканы кабарланган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG