Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Айсулуунун өлүмү: Шектүүнүн ишин караган экс-судьялар камалды


 Киши колдуу болгон Айсулуу Мукашева жана кылмышка шектүүнүн көрсөтмө берип жаткандагы учурунан алынган сүрөт
Киши колдуу болгон Айсулуу Мукашева жана кылмышка шектүүнүн көрсөтмө берип жаткандагы учурунан алынган сүрөт

мазмуну

  • 17 жаштагы окуучу Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган үч экс-судья, прокуратуранын бир кызматкери жана шектүүнүн мурдагы адвокаты камалды.
  • Ички иштер министрлиги аларды коррупцияга, сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарууга айыптап жатат.
  • Мурдагы эки судья Жаңыл Мамбеталы менен Сания Бранчаева камалар алдында "Азаттыкка" келип комментарий берип, дооматтарды четке каккан.
  • Өткөн аптада Судьялар кеңеши аларды жоопко тартууга макулдук берген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)кармалган мурдагы үч судьяга, прокуратура кызматкерине жана кылмышка шектүүнүн жактоочусуна карата Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Милиция тараткан маалыматта, кылмышка шектүү Кумарбек Абдыров 2015-жылы соттон жеңил жаза алып бошоп кеткени, анын кесепетинен Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү жазылган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө анын (Кумарбек Абдыров -ред.) бул кылмыш менен эле чектелбестен, көптөгөн кылмыштарга катышы бар экени аныкталган. Кылмыштардын чынжыры 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экени белгилүү болду. Ал буга чейин 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары - С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж. ортомчулугу менен мыйзамдын нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдеткен. Натыйжада, кылмышкер үч жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан. 2025-жылы К.А. жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан кутулуп кетүүгө мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен", - деп жазылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Мурдагы судьялар Жаңыл Мамбеталы менен Сания Бранчаева камакка алынар алдында "Азаттыкка" келип өз жүйөлөрүн айткан.

Жаңыл Мамбеталы сот чечими мыйзамдуу болгонун, жабырлануучу убагында тосмо арыз жазып бергенин, өкүмгө каршы арыздануу болбогонун билдирди.

"Ал иштеги жабырлануучу кыз аман-эсен, ал кыз өзү сот процесстерине катышкан. Ал денесинен жеңил жараат алган. Ал жерде зордуктоо, денесине оор залал келтирүү болгон эмес. Бул иш 2016-жылы каралган. Ошондон бери сот чечимине каршы эч ким даттанган эмес, жабырлануучу дагы, прокурор дагы кайрылган эмес. Сот отурумунда жабырлануучу дооматы жок экенин айтып тосмо арыз жазып берген. Анан калса адвокаты беренени өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирген, ушундай эле позициясын мамлекттик айыптоочу, прокурор дагы билдирген.

Сания Бранчаева коррупцияга байланыштуу дооматтар негизсиз экенин айтты.

"Азыр биздин соттук коллегияны пара алууга, пара берүүгө, опузалап акча талап кылууга жана коррупцияга, сот адилеттүүлүгүно жатпаган чечим, башкача айтканда туура эмес чечим чыгарууга айыптап жатышат. Мунун баары акылга сыйбаган доомат. Биз кылмышка шектүүнүн адвокаты менен дагы, анын апасы менен дагы жолуккан эмеспиз, эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Биз ишти 12-майда караганбыз, ошол эле күнү эле дароо чечим чыгарганбыз. Ага чейин бул иш эки башка коллегияга берилген болчу. Ал жакта сот отуруму катышуучулар келбегендиктен улам жылдырылып жаткан. Катышуучулар камсыз кылынса биз ишти дароо караганга аракет кылабыз, анткени ишти кароонун мөөнөтү бар да".

Соттук коллегиянын үчүнчү мүчөсү Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына Кумарбек Абдыровдун апасынын тергөөчүгө берген көрсөтмөсү делген документти жарыялаган. Анда уулу соттолуп жатканда судьяларга акча бергени тууралуу сөз болбогонун билдирген.

"Иште бардык айыптоого шек жараткан олуттуу дал келбестик бар. Расмий айыптоодо соттолуучунун апасы адвокатка 10 миң доллар берген деп жазылган. Бирок сурак протоколунда апасы адвокатка бөлүп-бөлүп болгону эки миң доллар бергенин айтып жатат. Судьяларга эч ким эч нерсе берген эмес",- деп жазган Абакиров.

Бул иште кармалган прокуратура кызматкери менен Абдыровдун мурдагы жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада Судьялар кеңеши Кумарбек Абдыровдун буга чейинки кылмыш жазасын жеңилдеткен Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Учурда айрыкча социалдык тармактарда мурдагы судьялардын камалганын кубаттагандар дагы арбын. Айрым колдонуучулар бул окуя бардык сотторго сабак болушу керектигин, сот тармагын реформалоо зарылдыгын жазып жатышат.

Адвокат Кантемир Турдалиев мурдагы судьялардын камалышы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, коррупция тууралуу айыпты далилдөө оңой-олтоң болбосун, кынтыксыз далил керектигин белгиледи.

Кантемир Турдалиев.
Кантемир Турдалиев.

"Бул жерде мындай же тигиндей деп айтыш кыйын. Азыр эми аларга чечимди антип салган, минтип салган деп айтып жатышат. Андан бери 10 жыл өттү. Алар тосмо арыз жазылган деп жатышат. Алар кылмышка шектүүнү кармап, ал болсо азыр акча бергенбиз, ал-бул деп жатат. Он жыл өткөндөн кийин 10 миң доллар алды дегенди кантип далилдешет? Пара алууну ошол алып жаткан учурда кармамайынча, же аудио, видео жазуу болбсо далилдөө кыйын. Анда бардык эле ишке ошентип айтса болот да. Ушундай чечим чыккан, анан ал өзгөргөн, демек акча алган деп баарын эле четинен камай берсе болобу. Ушул жери эң туура эмес. Кынтыксыз далил болушу керек. Ошонча акча алганы так дилдениши керек".

Камакка алынгандардын бири Кайсын Абакиров судья кызматынан 2020-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда алынган жана ошондон бери адвокат болуп иштеп жүрөт. Ал бир катар чуулгандуу иштерде аты аталган адамдарга жактоочу болгон.

Маселен, сот экстремисттик деп тапкан “Клооп Медианын” мурдагы операторлорунун, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, маркум ишкер Арстан Алайдын, экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана ишкер Урмат Барктабасовдун адвокаты болгон.

Жаңыл Мамбеталы судья болуп иштегенде бир катар талаш-тартыштуу иштерди, анын ичинде Садыр Жапаровдун ишин караган. Ал Жогорку соттун судьясы кызматынан Жапаров президент болгондон кийин, 2021-жылы өзү жазган арыздын негизинде кеткени маалымдалган.

Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеп турганда Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча Садыр Жапаровго чыккан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жапаров бул иш боюнча 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин акталган.

Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда Мамбеталы экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун, Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын жетекчиси болгон Данияр Нарымбаевдин, мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун иштерин караган. Мындан сырткары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп турганда "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарган.

Экс-судья Сания Бранчаеванын аты коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясынын жоопкерчилиги карала баштаганда белгилүү болгон. Бишкек шаардык соттун ошол кездеги судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыев аларды актаган өкүм чыгарган, бул соттук коллегиянын үчүнчү мүчөсү Сания Бранчаева экс-депутаттарды актоого каршылыгын билдирген.

Ысык-Көл облусунда киши колдуу болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы Кумарбек Абдыров камалган. ИИМ шектүү кызды Ысык-Көлдө машинасына салып кетип, зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жибергенин билдирген.

Кылмышка шектүү буга чейин бир канча жолу соттолгону, бирок жеңил жаза менен кутулуп кеткени ачыкка чыккан.

Тактап айтканда, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 167-беренеси ("Тоноо") менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген. Он жылдан кийин, 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны "киши өлтүрүүгө аракет жасаган" деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 28-беренеси ("Кылмыш кылуу далалаты") жана 97-беренеси ("Киши өлтүрүү) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга камоо жазасын дайындаган. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн өзгөртүп койгон. Ал жерден айып Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо") жана 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча тагылып, акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу дайындалган, калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган. Жогорку соттун басма сөз кызматы ал дайындалган жазасын өтөгөн деп билдирген.

Айсулуу Мукашеванын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып келет.

Бул окуяга президент Садыр Жапаров да реакция кылган. Анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов иш президенттин жеке көзөмөлүндө экенин жана өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү” демилгесин көтөргөнүн билдирген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG