Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Орус армиясынын чабуулунан Запорожьеде 20дай киши жабыркады


Орус армиясынын чабуулунан улам жети көп кабат үйдө өрт тутанды. Запорожье. 26-ноябрь, 2025-жыл.
Орус армиясынын чабуулунан улам жети көп кабат үйдө өрт тутанды. Запорожье. 26-ноябрь, 2025-жыл.

Орусиянын армиясы 26-ноябрга караган түнү Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарына абадан дрон менен жабырт чабуул койду. Аймак губернатору Иван Федоров билдиргендей, 19 киши ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды.

Телеграмдагы баракчасына жазган маалыматта губернатор дрон соккуларынан бир нече дүкөн, көп кабаттуу 31 үй жана 20 жеке турак жай талкаланганын белгилейт.

Интернетте жарыяланган сүрөттөрдөн өрт өчүрүүчүлөр бийик имаратты каптаган тилсиз жоо менен күрөшүп жатканын көчөлөрдө күйүп кеткен унааларды көрүүгө болот.

Украинанын аба күчтөрү билдиргендей, орус армиясы жалпысынынан 90дой дрон жана бир нече ракета менен кол салган. Учкучсуз аппараттардын 72си жана эки баллистикалык ракета атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Ушул тапта облустун бир канча бөлүгүн орус армиясы ээлеп турат. Азырынча борбор Запорожье украин күчтөрүнүн карамаганда.

Ал арада Орусиянын Чувашия аймагы 26-ноябрдын таңында дрондорун чабуулуна дуушар болду. Аймак башчысы Олег Николаев жазгандай, эки адам жаракат алды. Алардын бири өспүрүм. Николаев сокку үчүн украин тарапты күнөөлөдү.

Astra каналы жазгандай, соккулардын бири "Шахед" дрондору үчүн антенналарды чыгарган заводго тийген.

Киев менен Москванын соккулары Украинадагы согушту токтотуу боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр уланып жаткан мезгилге туш келди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG