Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Путин Кыргызстан менен төлөмдөрдүн 97% улуттук валюталарда жүргүзүлүп жатканын айтты


Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Бишкек. 26-ноябрь, 2025-жыл.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Бишкек. 26-ноябрь, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда орусиялык компаниялар 1800гө жетип, буга чейинки жылдарга салыштырмалуу үч эсе көбөйгөнүн билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы 26-ноябрда Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак Ордо” имаратында Орусиянын президенти Владимир Путин менен кеңири форматтагы сүйлөшүү учурунда жасаган билдирүүсүндө айтты. Садыр Жапаров Орусия Кыргызстандын стратегиялык жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон каларын кошумчалады.

“Орусия Кыргызстандын бирден-бир соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берет. Ал эми Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жаңы инновацияларга, инвестицияга мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Биз Орусиянын инфраструктура жаатында, энергетикалык, өнөр жай жана гуманитардык багыттагы колдоосун жогору баалайбыз”, - деди Садыр Жапаров.

Владимир Путин да Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин айтып, 2024-жылы эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 13,6% көбөйгөнүн билдирди.

“Орусия - Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү. Өткөн жылы соода жүгүртүү 13,6% өсүп, рекорддук 4,1 млрд долларды түздү, ал эми январь менен сентябрь айларынын аралыгында дагы 17% өстү. Бардык төлөмдөрдүн болжол менен 97% азыр улуттук валюталарда жүргүзүлөт жана биз өз ара эсептешүүлөрдүн жаңы жолдорун изилдеп жатабыз. Инвестициялар да көбөйүп, дээрлик 2 млрд долларга жетти. Орусиялык ишкерлердин ишенип капиталын Кыргызстандын экономикасына салып жатышы сиздин аракетиңиз (ред: Садыр Жапаров) жана ички саясаттагы оң динамикага байланыштуу. Республика сиздин башкарууңузда туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш экенин, бул мындан ары соода-экономикалык жана инвестиция үчүн негизги шарттардын бири экенин айтам”, - деди Владимир Путин.

Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анын Кыргызстанга сапары 27-ноябрь күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен соң жыйынтыкталат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG