Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Путиндин Бишкек сапарында миграция көйгөйү козголобу?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Орусия президентинин Бишкекке сапары мигранттарга байланышкан көйгөйлөр чечилбей турган шартка туура келди. Сентябрдын башында орус бийлиги мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге" кирген мигранттарды өлкөдөн чыгарууну чечкен. Алардын 75 миңи кыргыз мигранттары.
  • Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө экенине карабай мигрант жарандарына карата катаал мамиле болуп жатканы талкуу жаратып келет.

Акыркы жылдары катаал мамиледен жана согуштан улам Орусиядан миңдеген кыргыз мигранттары чыгып кетти. Бул маселе кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, каралышы керек дешет серепчилер.

"Рейдде кармалып, боюнан түштү"

"Азаттыкка" өзүн Надырбек деп тааныштырган кыргызстандык кайрылып, Москва шаарындагы рейд учурунда кош бойлуу карындашы дагы кармалганын айтып даттанды. Анын айтымында, тамак-аш киргизүүгө уруксат берилбей, дээрлик үч күн полиция бөлүмүндө ачка отурган карындашынын боюнан түшүп калган.

"Менин карындашым сегиз жылдан бери балалуу боло албай жүргөн. Зорго боюнда болду эле. Полиция кызматкерлери реестрге түшүп калган үчүн үч күн бөлүмдө ачка кармап, туугандар тамак-аш алып барса киргизбей, кор кылыптыр. Ошол жерден карындашымдын боюнан түшүп калган. Эптеп эле ошол жерден медициналык жардам көрсөтүшүптүр. Андан кийин мен өзүм полицияга чалып, тез жардам чакырсак ал деле ошол жерден карап эле кетип калыптыр. Ал жерден Сахарового жөнөтүштү, ал жактан документи туура эмес болуп, кайра алып келишти. Нары-бери сүйрөп, 72 саат кармап коюптурбуз деп коё беришти. Тим эле адам өлтүргөндөй кылып аял кишинин колуна кишен кийгизип, ушундай мамиле кылганы такыр туура эмес ", - деди Орусияда иштеген кыргызстандык.

Надырбектин карындашы бул окуядан үч күн өтпөй Кыргызстанга депортация болуп, кайтып келди. Ал өзү өткөн окуяны кайрадан эстегиси келген жок. Надырбек бул ишти аягына чыгарып, сотко же тийиштүү мекемелерге кайрылуу зарыл деп эсептейт:

"Ушундай көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде чыгарыш керек. Биз көп учурда унчукпай, үндөбөй коркуп жүрө берип, катаал мамиле жасап жатышат. Жакында эле инибизди электрошокер менен басып, чөнтөктөгү 100 миң сомун алып Кыргызстанга депортация кылышкан. Анда дагы эч ким үндөгөн эмес".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Надырбектин карындашы туш болгон жагдай тууралуу маалымат берип, ал рейд учурунда кармалганын "Азаттыкка" ырастаган эле.

"Элчилик бул кайрылуу боюнча ыкчам аракет көрүп, ошол эле күнү кызматкер аталган ички иштер бөлүмүнө барып, ал келин менен жеке жолуккан. Бөлүмдө кармалып турган чакта анын боюнан түшүп калганы тууралуу айтып берген. Элчиликтин кызматкери келиндин боюнан түшүүсүнө байланыштуу кырдаалды тактап, ага карата полиция кызматкерлеринин тиешеси бар-жогун сураган. Полиция кызматкерлери күч колдонбогонун айткан, бирок берилген тамагына даттанган. Полиция өкүлүнүн маалыматы боюнча, келин тиешелүү миграциялык документтери жоктугуна байланыштуу Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн текшерүү учурунда кармалгандыгын жана көзөмөлдөгү жарандардын тизмесинде болгондугун билдирген. Андан кийин аны полиция бөлүмүнөн кое беришкен", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Келиндин саламаттыгы, боюнан түшүп калганы боюнча орус полициясы башка маалымат берген эмес. Кийин келин эч кимге доосу жок экенин айтып, өлкөдөн чыгып кетерин билдирген.

Орусиянын катаалдашкан талаптары

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизүүдө. Жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрүп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салганын орусиялык "Фонтанка.ру" сайты Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме кылып жазды.

Андагы маалыматка караганда, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларын аныктоо 45%, жасалма миграциялык документтерди табуу 22% өскөн. Ошондой эле көп чет өлкөлүктөр иштеген базарларда, курулуштарда, соода борборлорунда, мейманкана жана жатаканаларда мигранттарга каршы жалпы 200 миңден ашык рейд уюштурулган.

"ДумаБинго" долбоору орус парламенти 2021-жылдан бери мигранттарга каршы жалпы 73 мыйзам долбоорун караганын иликтеп чыккан. Мамлекеттик Думага документтердин теңинен көбү Москвадагы "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин келген.

2024-жылы “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат.

Буга чейин Орусияда миграция мыйзамдарын бузган деген айып менен "кара тизмеге" кирип, атайын берилген убакыт ичинде андан чыгууга үлгүрбөй калган 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин айтып чыккан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка" алардын 75 миңи кыргызстандык жаран экенин ырастаган.

Путиндин сапары, миграция маселеси

Кыргызстандык мигранттар көзөмөл реестринен чыгуу кыйла машакат жаратып, оңой-олтоң бүтпөй жатканын айтууда. Жаныбек бир ай мурда Москвага барары менен реестрге кайра, экинчи жолу түшүп калганын айтып берди. Биринчи жолу ал "кара тизмеден" чыгуу үчүн Орусиядан чыгып кеткен эле. Ал жалгыз бой ата. Төрт баласын багуу үчүн кайра барууга аргасыз болгонун белгилеп жатат.

"Келип эле кайра реестрге түшүп калып, акча берип анан чыктым. Бирөөлөр аркылуу 20 миң сом берип штамп, мөөр бастырдым. Баягы эле маселе, акча берсең документти ортомчулар киргизип бүтүрүп берип жатышат. Элди ошондой эле кыйнап жатышат. Биринчисинде акча бербей коюп бүтүрө албай, чыга албай кеткем", - деди мекендеш.

Тышкы иштер министрлиги Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары учурунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери караларын билдирди. Күн тартибинде миграция маселеси бар-жогу расмий айтыла элек.

Серепчилер кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда башка маселелер менен бирге миграцияда жүргөн мекендештер кабылган көйгөйлөр көтөрүлүшү керек деп эсептешет. Миграция боюнча эксперт Нурсултан Карабаев азыр көйгөйлөрдү чечип алууга ыңгайлуу учур деген ойдо.

Нурсултан Карабаев.
Нурсултан Карабаев.

"Орусиянын президенти келгенде миграция маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Биздин мигранттардын азыр көйгөйлөрү көп жана Кыргызстан менен Орусиянын өз ара мамилеси абдан жакшы болуп турат. Азыр миграция маселелерин чечип алууга жакшы ыңгай түзүлүп жатат, ошону колдон чыгарбаш керек", - деди Карабаев.

Путиндин Кыргызстанга сапары 25-ноябрда кечинде башталып, 27-ноябрь күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинен соң жыйынтыкталат.

Москвада бир топ жылдан бери жашаган, 20 жылдан ашуун убакыттан бери чет жакта жүргөн ишкер Толкунбек Акматов Орусияда салыштырмалуу кыргызстандык мигранттардын саны кыскарганын белгиледи. Акматовдун айтымында, кыйналган мекендештер азыр дагы көп жана алардын маселеси жогорку деңгээлде талкууланышы зарыл:

"Москвада, Москва облусунда эле миллиондой кыргызстандык мигрант бар эле. Азыр үч эс азайды деп жатышат. Кыргызстандыктар жакшы эле иштеп жатышат, бирок ошентсе деле ар бирине жолуксаң, документтен кыйналдык дешет. Миграциялык карта деп коёт, ошонун артына сөзсүз мөөр басылышы керек дейт. Мурда мамлекеттик төлөм жок эле, азыр ошол кирди, 100 рубль. Сахарово бар, реестр кирип калды. Кичине эле бир нерсе болсо тизмеге түшүп калат, анда карта, телефондору иштебей калып, кыргыздар кыйналып жатпайбы. Ошондуктан эки тараптуу алака тууралуу сөз болгондо Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин бул көтөрүлүш керек деп ойлойм. Азыр Кыргызстандын өзүндө деле жумуш болуп, башка багыттар, Түштүк Корея, Улуу Британия, Европага иштөөгө жол ачылып калды. Орусияга мурдагыдай деле көз каранды болбой калдык окшойт деп ойлойм".

Буга чейин жаңы окуу жылы башталгандан бери Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанышкан.

Быйылкы жылдын башындагы расмий маалыматта 610 миңдей кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрү маалымдалган. Анын ичинен 376 миңдейи Орусияда миграциялык каттоого алынган. Орусия көзөмөл реестрин киргизгенден кийин бул сан азайдыбы, жокпу, Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG