АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы өзүнө караштуу Өкмөттүн эффективдүүлүгү боюнча департаментти (DOGE) мөөнөтү аяктарына сегиз ай калганда жойду. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Буга чейин DOGE кеминде 2026-жылдын июль айына чейин иштери болжолдонуп жаткан. Кадр кызматы боюнча башкармалыктын директору Скотт Купор аталган департаменттин макамы тууралуу суроолорго жооп берип жатып мындай түзүм эми жок экенин, анын айрым ыйгарым укуктары Кадр кызматы боюнча башкармалыкка өткөнүн билдирди.
Дональд Трамп ушул жылдын башында ант кармап кызматка киришкенден кийин дароо эле чыгымдарды азайтып, бюрократияны жоет деген максатта DOGE түзүлгөн жана анын башчысы болуп америкалык миллиардер Илон Маск дайындалган. Ошондон бери мамлекеттик кызматтардан он миңдеген адам иштен алынган, бир катар агенттиктер, мекемелер жоюлган жана бул талаш-талкуу жаратып, соттошууларга жол ачкан.
Илон Масктын президенттик администрациядагы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 31-майда аяктаган. Аны узатуу иш-чарасында Трамп Маскка Ак үйдүн сүрөтү чегерилген жыгач кутуга салынган алтын ачкыч белек кылган жана ал мындай белекти “өзгөчө адамдарга” гана берерин айткан. Анын алдында америкалык айрым басылмалар экөөнүн мамилеси сууй түшкөнүн, АКШнын президенти акыркы убактарда ал тууралуу соцтармактарда дээрлик сөз кылбай калганын жазышкан. Маск Трампты негизинен салык жана жана бюджетке байланыштуу мыйзамынан улам сындап жүргөн.
Шерине