Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Экстремисттик деп табылган "Клооптун" мурдагы операторлору пробация менен бошотулду


“Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов сотко алып келинген учуру. Архивдик сүрөт.
“Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов сотко алып келинген учуру. Архивдик сүрөт.

Сот экстремисттик деп тапкан “Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов пробация менен сот залынан бошотулду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 25-ноябрдагы отурумда чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-сентябрда Дуулатов менен Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен. Андан сырткары басылманын эки эсепчисин да беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган.

Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган.

27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Клооп", "Темиров Лайв" жана "Айт Айт Десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланат.

Ринат Тухватшин коопсуздук чараларынан улам чет өлкөгө чыгып кеткени кийин маалым болгон.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигин жогоруда аталган медиа каражаттарын жана журналисттердин ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча соттун чечимин жокко чыгарууга чакырган.

Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид бул чечимди бийликтин жогорку тепкичтериндеги коррупцияны иликтеген журналисттерге каршы жасалган иш катары баалаган.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG