Кыргызстандык балбан Адилет Жапаркулов Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында алтын медал тагынды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Жапаркулов 24-ноябрда эркин күрөштөн 74 килограмм салмакта финалда ирандык Аболфаси Зохревандды 3:0 эсебинде утуп, жеңүүчү болду. Ал беттештерин 23-ноябрда баштап, 1/8 финалда казакстандык Тургынбай Гассырды 3:1, чейрек финалда беларустук Алексей Колесникти 7:2 эсебинде, жарым финалда украиналык Денис Трехубенкону 5:2 эсебинде уткан.
Анын бул жеңиши Кыргызстан үчүн Сурдлимпиада тарыхындагы экинчи алтын байге жана эркин күрөштөн алгачкы алтын медал болуп саналат. Бир күн мурда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Смадияр Жумакадыров алтын медал тагынып, Кыргызстандын тарыхында Сурдлимпиада оюндарынын алгачкы чемпиону аталган.
15-ноябрда башталган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндары 26-ноябрда аяктайт. Төрт жылда бир өткөн мелдешке спорттун 21 түрүнөн 3000ге жакын спортчу 81 өлкөдөн катышууда. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстандан 18 спортчу спорттун беш түрүнөн: стол тенниси, грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо, эркин күрөш түрлөрүнөн күчүн сыноодо. Алардын бешөө кыз-келиндер. Учурда Кыргызстандын спортчуларында эки алтын, үч коло медал бар. Буга чейин дзюдодон 60 килограмм салмакта Байсалбек Орозали уулу, грек-рим күрөшүнөн Динмухамед Бигелдиев (67 кг) менен Нарту Абдрахманов (97 кг) коло байгеге ээ болушкан. (ECh)
Шерине