Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

CNN: Рубио Украинадагы согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтты


Марко Рубио.
Марко Рубио.

CNN телеканалы АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтонго учуп кеткенин маалымдады. Анда Мамлекеттик департаменттин жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме кылып, бул сүйлөшүүлөрдө "олуттуу жылыш бар" деп баалаганын билдирди.

Рубио бул сүйлөшүүлөрдү ушул жылдын башында ишин баштаган АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын тушундагы эң ийгиликтүү жолугушуу катары мүнөздөгөн.

Женевада 23-ноябрда Европа Биримдигинин, АКШнын жана Украинанын делегацияларынын өкүлдөрү жолугушкан. Кошмо Штаттарынын Рубиодон башка өкүлдөрү Женевада калганы же калбаганы тууралуу так маалымат жок. Буга чейин Рубио бул маселе менен ар кандай адистерден турган топ дайым алектенип жатканын билдирген.

Буга чейин АКШнын бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу планын даярдаган. Ал жалпы 28 пункттан турары, анын ичинде Орусиянын Крым, Донбасс жана башка аймактарга суверендүүлүгүн таануу, украин армиясынын санын азайтуу, коопсуздук кепилдиктеринин шарттары, камакка алынган орусиялык активдер тууралуу сунуштар бар экени белгилүү болгон.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары АКШнын Украинадагы согушту токтотуу аракетин колдоп, бирок Вашингтон сунуштаган план кайра иштелип чыгууга тийиш экенин жарыялаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Трамптын администрациясы иштеп чыккан план Украинадагы согушту токтотууга негиз боло аларын айткан.

Кошмо Штаттар даярдаган сунуштун чоо-жайы расмий жарыялана элек. Financial Times, Reuters жана Axios басылмаларынын маалыматына караганда, планда Украинанын айрым аймактарынан жана курал-жарагынан баш тартуусу, армиянын санын кыскартуусу керек деген шарттар каралган. Андан тышкары Киев АКШнын аскердик жардамынан да баш тартышы зарыл.

Расмий Киев буга чейин мындай шарттардын баарын четке кагып келген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG