Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

Германияда жарманкеге кол салууга айыпталган дарыгердин соту башталды


Магдебургдагы Рождество базарына болгон кол салуу болгон жер, 20-декабрь, 2024-жыл
Магдебургдагы Рождество базарына болгон кол салуу болгон жер, 20-декабрь, 2024-жыл

10-ноябрда Германияда бир жыл мурун Магдебургдагы Рождество базарына кол салуу боюнча ири сот процесси башталды. Окуя боюнча Сауд Арабиядан чыккан, 2006-жылдан бери Германияда жашап келген дарыгер Талеб А. айыпталууда.

Сот жараяны 2026-жылдын март айына чейин уланып, ага жабыркаган 180 үй-бүлө мүчөлөрү, 400дөн ашык күбө катышары маалым болду.

Талеб А. тик учак менен сотко жеткирилди. Тергөөнүн версиясына караганда ал кол салууну узак убакыт өз алдынча даярдаган.

2024-жылдын 24-декабрында Талеб ижарага алынган BMW унаасы менен катуу ылдамдыкта Магдебургдун борборундагы Рождество базарына качырып кирген. Кол салуу алты адамдын өмүрүн алган, алардын арасында тогуз жаштагы тестиер да бар. Үч жүздөн көп киши жабыркаган. Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Талеб көбүрөөк адам өлтүрүүгө ниеттенген.

Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, Талеб А. кол салууга чейин эле социалдык тармактарда исламга каршы ар кандай теорияларды жайылтып келген. Аны немис коопсуздук органдары мурда эле байкашканы менен эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Мындай окуя Германияда буга чейин да кайталанган. 2016-жылы Берлиндеги базарга тунистик мигрант Анис Амри кол салып, 12 адам каза болгон. 2025-жылы Мюнхенде жана Мангеймде автоунаа менен жоон топ адамдарга кол салган фактылар катталган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG