Коррупцияга каршы күрөш: Ташиевдин убадасы, Матраимовдун иши
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда "коррупциянын куйругу кыркылып, эми башы калганын" билдирди. Мындай билдирүүнү атайын кызматтын башчысы коррупцияга каршы күрөш күнү жарыялап, жаңы жылдан тарта жемкорлорго жеңилдик болбой турганын убада кылды. Ал тапта бажы тармагында коррупциялык схеманы түзүүгө айыпталган Райымбек Матраимов 100 миң сом айыппулга жыгылганы белгилүү болду. Матраимов буга чейин мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп бергени кабарланган. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабы кандай болот? Бул суроолорго “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жооп издеп, бирге талкуулайбыз.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?
Шерине