Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз четке какты. Мурдагы мамлекет башчы сентябрь айынын башында парламентке кайрылып, аны экс-президент макамынан ажыраткан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декрети мыйзамсыз болгонун жүйөө келтирген. Элдик толкундоодон кийин бийликтен кулаган Акаевдин кайрылуусу коомчулукта кызуу талкууга алынууда. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бул чыгарылышында Аскар Акаевдин кайрылуусунан улам чыккан талкууларды, жалпы эле экс-президент макамы тууралуу сөз кылабыз.
Акаевдин "экс-президент" макамы: Жогорку Кеңештин жообу
25-сентябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин "экс-президент" макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз четке какты. Акаев Жогорку Кеңешке кайрылып, ага "экс-президент" макамын калыбына келтирип берүүнү суранган.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?