Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:42

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти. 

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

12:00 3.2.2021

Тазабек Икрамов: Өтө күчтүү министрлерди койсоңор болмок, бирок...

Икрамов мындан тышкары авиабилеттердин кымбатташы тууралуу суроо берди, Марипов буга катуу чара көрүү керектигин айтты. 

11:56 3.2.2021

 

11:54 3.2.2021

Улукбек Ормонов: Бишкектеги түтүндү азайтуу боюнча кандай иштерди кыласыз?

Улукбек Марипов: Электромобилдерди көбөйтүү жагын карап атам. 

Улукбек Ормонов: Шаардык полигонду куруу керек. Ал жерде эмне алтын бар билбейм. Он жылдан бери таштанды иргөөчү завод курулбай келет. 

Улукбек Марипов: ​Полигонго барып көрсө, кудая тобо деп жакасын кармай турган абалда. Таштандыны кайра иштетүү жагын кайра карайбыз. Анткени таштанды да товар. 

11:50 3.2.2021

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG