Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталат


Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда чүчүкулак аркылуу аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоодон өткөрдү.  

Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир апта бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Аларды расмий каттоодон өткөрүү боюнча жыйын 2-3-сентябрда өттү. 4-сентябрда үгүт башталат. 

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. Парламенттин депутаттыгына 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат. (SE)
 

 

XS
SM
MD
LG