Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

«Кыргыз-түрк достук ооруканасынын» маселеси Жогорку Кеңеште каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуу маселесин талкуулайт. 

Аталган комитет Бишкек мамлекеттик «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, кыргыз жарандарынын медицина жаатында Түркияда билим алышы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууга киргизүү маселесин карайт.  Ага былтыр 1-сентябрда, Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда Бишкек шаарында кол коюлган. 

Аталган мыйзам долбоору эки жума мурда парламенттин жалпы отурумунда биринчи окууда каралган. 

Буга чейин Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл чогуу башкара турганы айтылган. 

Оорукана 2016-жылдын июнь айында курула баштаган. Ал 2017-жылы иштей баштамак, бирок ушул күнгө чейин ачылбай турганы нааразылык жаратып келет. (ZKo)

 

XS
SM
MD
LG