Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жардыруу ээнбаштык деп мүнөздөгөн. Башка божомолдо - бул «америкалыктар өнөкөт жашоосун» жек көргөн ашынган улутчул топтун колунан келген делинет.
Петербург калаанын прокурору Сергей Зайцевдин айтканына караганда окуяга так аныктама бериле элек, ошого карабай кылмыш иши козголгон:
«Жалпыга корунуч келтирчү жол менен эки жана андан көп кишини өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси астында кылмыш иши козголду», - деди прокурор.
Буга дейре эле Санкт-Петербургда, 2002-жылы 19-октябрде Покрышкина көчөсүндөгү «Макдоналдс» ресторанынын алдына айдап келип «Таврия» машинесин жардыруу болгон. Андан бир киши ошол жерде мүрт кетип 8 киши жарадар болушкан. Ал эми 2003-жылы Энегельс көчөсүндөгү «Макданалс» эшигине коюлган бомбадан эч ким жарбыр таркан эмес.
Бул жолку, Невский чоң көчөдөгү жардыруудан жабыр тартып, №5 балдар ооруканасына түшкөн Лидия, 18-февралда башынан өткөн окуяны мандайча сүрөттөдү:
«Ал (жарылуу – ММ) менин оң жагыман чыкты. Тарс дей түшкөнүн уктум. Ал тургай, айланамдагылардын ар кайсы тарпка учуп атканын көргөнгө да үлгүрдүм», - дейт.
Коомчулуктун көңүлүн алагды кылыш үчүн кимдир бирөө атайылап жасап атышы деле ыктымал деген да анализчилер бар. Алар бул окуяны жакында болуучу чоң кырсыкка жорушууда. Алар: «2002-жылы Норд Ост театрын террорчулар барымтага алардан бир апата мурда да Маскөөдө «Макдоналдс» ресторанын жардыруу болгон» - дешет.